Сауд Арабия берген 25 тонна курма кимдерге таратылаары айтылды
RU

Сауд Арабия берген 25 тонна курма кимдерге таратылаары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 6-июнда Сауд Арабия Кыргызстанга тартуулаган 25 тонна курма кимдерге таратылаары белгилүү болду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги гуманитардык жардам Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы социалдык мекемелерге, тактап айтканда, карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана мамлекеттик уюмдарга бөлүштүрүлөөрүн билдирди.

Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Аль-Ради бул долбоор падыша Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору тарабынан ишке ашырылып жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12806