УКМК "Манас" аэропортунда бир нече адамды кармашты (видео)
RU

УКМК "Манас" аэропортунда бир нече адамды кармашты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-июнда саат 05:10до күч кызматкерлери "Манас" аэропортунан бир нече адамды кармашты. Kaktus.media сайтынын журналисттери эмне болуп жатканын видеого тартып алышкан.

Кадрларда камуфляждык формачан жана курал-жарактары менен укук коргоо кызматкерлерин бир нече адамды кармап жатканын көрүүгө болот.

Укук коргоо органдары Kaktus.media сайтына билдиришкендей, кармоо УКМКнын атайын күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн.

УКМК бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12807