Прокуратура дагы бир жолду оңдоодо 189 миллион сом мыйзамсыз пайдаланылганын аныктады
RU

Прокуратура дагы бир жолду оңдоодо 189 миллион сом мыйзамсыз пайдаланылганын аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоодо 189 миллион сом мыйзамсыз өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-2021-жылдары аталган жолдун 75-108-чакырымдарын реконструкциялоо долбоору боюнча подрядчы компанияга 20 миллион 136 миң 220 доллар которулган.

"Бирок министрликтин жооптуу кызмат адамдары подрядчы компания 189 миллион 200 миң 223 сомдук жумушту аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпай туруп жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алышкан. Ошондой эле жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизип, мамлекетке 189 миллион сомдон ашык зыян келтирген", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу", "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" жана 346-беренелери "Кызматтык жасалмачылык" менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Бишкек-Кара-Балта жолун курууда 104 миллион сом мыйзамсыз пайдаланылганын аныктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12811