Аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды
RU

Аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламент аскердик кызмат өтөөнү 12ден 14 айга жана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга узартуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген.

Учурда аскердик окуу жайды бүтүп келгенден кийин беш жылга келишим түзүлөт. Андан кийин аскер ыктыярдуу түрдө үч жылга улантса болот.

Коргоо министрлиги керектүү адистер ошол келишимин узартпай туруп кетип калган учурлар болуп жатканын айтып, 10 жылга милдеттүү түрдө келишим түзүүнү сунуштаган.

Эми мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Андан кийин аскерлер 14 ай кызмат өтөп, аскердик келишимдин мөөнөтү 10 жылга милдеттүү болуп калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12813