"Футбол тарыхында жакшы из калтырдык деп ойлойм". Крестинин өзүнүн кетиши тууралуу
RU

"Футбол тарыхында жакшы из калтырдык деп ойлойм". Крестинин өзүнүн кетиши тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын мурунку машыктыруучусу Александр Крестинин Kaktus.media сайтына: "Федерация менен мен Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнүн келечегин эки башка элестеттик", - деп билдирди.

Крестининдин айтымында, ал жана анын командасы жетекчилик менен бирге келишимди токтотуу керек деген бирдей чечимге келишкен.

"Биз Кыргызстанда футболдун өнүгүшүн бир аз башкача көрдүк. Дагы бир жолу футбол федерациясына мага берген убактысы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз тарыхка жакшы из калтырдык. Бирок ушундай болду, бул чечимди чогуу кабыл алдык. Биз келишимди жылуу маанайда аяктадык. Мыйзамдуу түрдө баары жакшы жыйынтыкталды. Мен бул жакка дагы келип турам", - деп айтты Крестинин.

Эске салсак, ушул жылдын 4-апрелинде Крестинин расмий түрдө башкы машыктыруучу кызматынан кеткени белгилүү болгон. Кийинчерээк КФУнун аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Стефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12816