Бишкекте он адам фастфуддан ууланды. Соода түйүнүнүн ээси айыпка жыгылды
RU

Бишкекте он адам фастфуддан ууланды. Соода түйүнүнүн ээси айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тамак-аштан массалык уулануу фактысы катталып, он адам жабыркады. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

"Себебин аныктоо үчүн тез тамактануучу тамак-аш сатуучу жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, микробиологиялык анализ жүргүзүү үчүн бир эле партиядан продукциянын үлгүлөрү алынып, жабдыктардан, идиштерден жана кызматкерлердин колунан экспертиза иштери жүргүзүлдү", - деп белгилешти алар.

Мындан тышкары, бардык кызматкерлерге (11 адам) ичеги-карын инфекциясынын козгогучтары жана алтын стафилококк оорусу боюнча күтүүсүз текшерүүлөр дайындалды.

Бөлүм аныкталган мыйзам бузууларды тизмектеди:

  • соода түйүнүнүн кызматкерлери товарлар тууралуу документтерди еөрсөтүшкөн эмес. Өндүрүштүк процессте ирээт салуу сакталган эмес;
  • чийки жашылчаларды жана жумуртканы санитардык жактан кайра иштетүү эрежелери бузулган (өндүрүштүк цехке кир жумурткалар тиешелүү маркасы жок киргизилген);
  • чийки жумуртка менен ак майонез соусу жеринде даярдалган;
  • эсеп-дүмүрчөк белгиленген формага туура келбеген (даярдоочу, убактысы, жөнөтүүчүнүн жана кабыл алуучунун аты-жөнү, номуру коюлбаганы жөнүндө маалыматтардын жоктугу);
  • даярдалган жана сатылуучу продукциянын технологиялык карталары болгон эмес;
  • дезинфекциялоо режими сакталган эмес;
  • бардык кызматкерлерде медициналык справка болгон эмес.

Адистер тарабынан күнөөлүү адамга карата мыйзам бузуу боюнча эки протокол түзүлүп, ошондой эле айып салуу боюнча эки токтом чыгарылган. Салынган айыптардын жалпы суммасы 36 миң сомду түзөт.

2023-жылдын 7-июнунан тарта мекеменин ишин токтотуу боюнча санитардык буйрук чыгарылган.

Азырынча бул коомдук тамактануу жайына байланыштуу тамак-аштан уулануу фактылары боюнча башка шашылыш билдирүүлөр боло элек.

Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12819