Сот Курсан Асановду "Кой-Таш" окуясы боюнча толук актады
RU

Сот Курсан Асановду "Кой-Таш" окуясы боюнча толук актады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соту аяктады.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген судья Адыл Эсенбаев Асановго, ошондой эле"Чындык" гезитинин мурдагы редактору Турсунбек Бейшенбековго карата өкүмдү окуп берди.

Экөө тең кылмыш тууралуу атайылап жалган маалымат бергендиги үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Кеп мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков жазган түшүнүк каты жарыяланып, андан кийин аны Тажикстандын агенти деп аталышы тууралуу болуп жатат. Бирок Асановдун да Бейшенбековдун да кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан кутулушту.

Кошумчалай кетсек, Курсан Асанов 2019-жылдын август айында Кой-Таш айылында болгон окуя жана милиция кызматкерин мыйзамсыз жөнөтүү боюнча акталды.

Мурдагы министрдин орун басары Дамирбек Пайзилда уулу менен Курсан Асановдун уулу Мохаммед-Алинин айдоочусу кылмыштын курамы жок болгондуктан толук акталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12829