Рамазан айынын урматына MegaCom'дон 30 түн акысыз Интернет
RU

Рамазан айынын урматына MegaCom'дон 30 түн акысыз Интернет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рамазан айынын аягына чейин MegaCom компаниясы абоненттерге 00:00дөн 08:00гө чейин жогорку ылдамдыктагы "Чектөөсүз түн" тарифтик опциясын жеткиликтүү кылат. Ошондой эле, түйүн ичинде акысыз чалууларды жүргүзүп, SMS жиберүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Акция 13-апрелден 12-майга чейин бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү болот (анын ичинде бул опцияны мурдатан колдонуп келген абоненттер үчүн дагы)*.

"Чектөөсүз түн" тарифтик опциясын *091*1# USSD-буйруусун терип кошуп алууга болот. Эске сала кетсек, Орозо айы бул жылы 13-апрелде башталып, ыйык Рамазан айы старт алды.

*2021-жылдын 13-майынан баштап "Чектөөсүз түн" тарифтик опциясынын абоненттик төлөмүнүн наркы мурдагыдай эле күнүнө 5 сомду түзмөкчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1283