"Тазалыктын" жетекчиси Рамиз Алиев: Кыргыз тилин нарындыктар үйрөттү
RU

"Тазалыктын" жетекчиси Рамиз Алиев: Кыргыз тилин нарындыктар үйрөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалык" муниципалдык кызматынын жетекчиси Рамиз Алиев кыргыз тилин качан, кантип үйрөнгөнү тууралуу kaktus.kg редакциясына айтып берди.

Анын айтымында 2012-жылы Каржы полициясында иштеп жүргөн учурда жетекчилиги Нарынга жиберген учурда үйрөнгөн.

"2012-жылы мен Каржы полициясында иштеп жүргөндө жетекчилик Нарынга жиберди.

Нарынга алгач барганда 5-6 гана сөз билчүмүн

Мен эң башкысы Теңир-Тоолук жердештериме чоң рахматымды айткым келет. Азыр кыргызча сүйлөгөнүмдүн деңгээлин ошол нарындык бир туугандарым көтөрдү. Рахмат, нарындыктар мага кыргызчаны үйрөттү.

Азыр мага кыргыз тилинин пайдасы абдан тийип жатат

Азыр кыргыз тили абдан керектүү болуп калды. Ооба. Социалдык тармактагы баракчалардан көптөгөн адамдар жакшы сөздөрүн айтып жатышат", - деди ал.

Кыргыз тилин билгениме мен дагы сыймыктанам

Рамиз Алиев кыргыз тилин билгенине сыймыктанат. Ал кыргыз тилин Кыргызстанда жашап жаткан ар бир киши аз да болсо билишибиз керек деп билет.

"Ооба, мен кыргыз тилин билгеиме сыймыктканам. Жана башкалар дагы билиши керек деп эсептейм. Бирок, мен азыр дагы айтам: нукура кыргыз тилин дагы деле үйрөнө элекмин. Ага, тилекке карды азыр тажрыйбам дагы жетпейт жана сөздүгүм дагы аздык кылат. Мен дагы да кыргыз тилин үйрөнүшүм керек, башкаларды дагы чакырам", - деди Тазалыктын жетекчиси.

Ал ошондой эле Каржы полициясынан кантип "Тазалык" муниципалдык кызматына келип калганы тууралуу айтып берди.

"Көрсө тагдыр ушундай экен. Мен алгач салык кызматкери болуп иштедим. Ал жерде 2010-жылдан 2012-жылга чейин кызмат кылдым. Андан соң Каржы полициясына ыйгарым укуктуу кызматкер катары кирип, ал тилекке каржы мындан бир канча жыл мурун жоюулуп кетти. Андан соң "Локомотив" спорт комплексинин жетекчиси болуп дайындалдым.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын бир башкармалыгынын жетекчиси да болдум

Эми бүгүнкү күндө "Тазалыктын" жетекчиси болуп иштеп жатам. Мына, жарым жыл болуп калды. Тагдыр ушундай экен. Келгениме өкүнбөйм", - деди ал.

Рамиз Алиев "Тазалыкка" жетекчи болуп келээрин өзү билген эмес

Рамиз Алиев өзү алгач "Тазалыкка" келем деп ойлобогонун, аны калаа жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров сунуштап, ал макул болгонун ырастады.

"Башында "Тазалыкка" келем деп ойлогон эмесмин. Эмне үчүн мени бул кызматка коюшканын да билбейм. Аны мэрден сураш керек", - деп эсептейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12846