"Манас" эпосунун кол жазмасы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилет
RU

"Манас" эпосунун кол жазмасы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 8-июнда президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азулени кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий-тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду", - деп айтылат маалыматта.

Жапаров Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, атап айтканда, билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ал ошондой эле технологияларды жана санариптик инновацияларды колдонуу боюнча аймактык демилгелердин алкагында биринчи кезекте Борбордук Азияда улуттук чыгармачыл индустрияны өнүктүрүүдө ЮНЕСКОнун колдоосуна үмүттөнөрүн билдирди.

Маалым болгондой, ЮНЕСКОнун жетекчиси Кыргызстандагы Адыгене жана Голубин мөңгүлөрүнө барууну пландап жатат. Буга чейин Нью-Йорктогу жолугушууда Садыр Жапаров аларды айтып, Одри Азулейди Кыргызстанга келип, мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышын өз көзү менен көрүп келүүгө чакырган.

Азуле өз кезегинде "Кыргызстандын адамзаттын маданий жана тарыхый мурастарын сактоодо ЮНЕСКО менен кызматташуудагы жигердүү позициясын" баса белгиледи.

Жыйындын соңунда ЮНЕСКОнун жетекчиси президентке Сагымбай Орозбаковдун манасчынын вариантындагы "Манас" эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификатты тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12849