Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында унаа жарылып кетти. Видео
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында джип үлгүсүндөгү унаа жарылып кетти. Окуянын видеосу социалдык тармактарда пайда болду.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, бүгүн, 9-июнда түштөн кийин эки өлкөнү байланыштырган Дунларов көпүрөсүнүн жанында турган Lexus үлгүсүндөгү унаа алгач күйүп, андан кийин жарылып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Kaktus.media редакциясына билдиргендей, "Ак-Тилек" постунда автоунаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 15:37де келип түшкөн. Саат 15:55те өрт курчоого алынып, саат 16:34тө толугу менен өчүрүлгөн.
Жардыруудан Lexus LX470 үлгүсүндөгү унаа жана үч бак күйгөн. Жабыркагандар болгон жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12860