Төө-Ашуудагы тоннелдин жолдорун оңдоо иштери башталды. Кыймылды чектөө убактылары
RU

Төө-Ашуудагы тоннелдин жолдорун оңдоо иштери башталды. Кыймылды чектөө убактылары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-июндан баштап, Ош - Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин 129-500-чакырымынан тартып 129-750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолду оңдоо иштери 30-июнга чейин жүрөт. Буга байланыштуу маал-маалы менен унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Чектөө убактысы:

  • Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;
  • Саат 10:00дөн 12:00гө чейин;
  • Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.

Айдоочуларга чектөөлөрдү эске алып, жол кыймылын алдын ала пландап алуу эскертилет

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12865