Афганистандын футболчулары убакыт бүтө электе футбол талаасын таштап кетишти
RU

Афганистандын футболчулары убакыт бүтө электе футбол талаасын таштап кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын футболчулары Кыргызстандын курамасы менен болгон беттеште убакыт аяктай электе футбол талаасын таштап кетти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогунун тайпалык раундунда Кыргызстан менен Афганистандын курама командаларынын алгачкы беттеши өттү.

Оюн оор болду, бирок эки таймда тең топко көбүрөөк Кыргызстандын курама командасы ээлик кылды. Афганистандын курама командасынын оюнчулары экинчи таймдын аягында атайылап убакытты созуп жатканы айдан ачык көрүнүп турду. Буга байланыштуу экинчи таймдын аягында жети мүнөт кошумча убакыт берилди.

Кошумча убакыттын акыркы мүнөттөрүндө "Ак шумкарлар" атаандаштарынын дарбазасына бир гол киргизишти. Голдун автору 9-номурдагы Эрнист Батырканов болду.

Эрнис Батырканов оюн талаасына оюндун экинчи бөлүгүнүн соңку мүнөттөрүндө кошулган.

Бирок бир-эки секунддан кийин Афганистандын курама командасынын машыктыруучуларынын бири каршылык иретинде команданы талаадан алып кетти. Алар гол саналбашы керек деп, Кыргызстандын футболчулары кол менен ойноду деп нааразы болушту.

Кошумча убакыт аяктаганга чейин Кыргызстандын курама командасы, күйөрмандар менен бирге Афганистандык футболчуларды оюн талаасында күттү. Бирок, алар кайра талаага кайткан жок.

Калыстар кырдаалды 15 мүнөт бою карап чыкты. Соңунда эч кандай эреже бузуулар аныкталбагандыктан Кыргызстандын командасынын голун эсептөө чечими кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12870