Туристтик сезондо милицияга 1000ге жакын ыктыярчы көмөк көрсөтөт
RU

Туристтик сезондо милицияга 1000ге жакын ыктыярчы көмөк көрсөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдагы туристтик сезондо коомдук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ИИМ иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыкты.

Буйрук май айында министрлик тарабынан чыккан. Анын негизинде туристтик активдүүлүктүн жайкы сезонунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн күчүн жана каражатын эсептеп чыгышкан.

Маалыматта, коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин саны ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша көбөйүшү мүмкүн экени, милициянын ишине көмөк көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер - 1000ге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылары айтылат.

Алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары туристтик сезондун аягына чейин туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12880