"Наристем дарыгерлердин айынан чарчап калды". Бишкектин тургуну акыйкаттык издейт
RU

"Наристем дарыгерлердин айынан чарчап калды". Бишкектин тургуну акыйкаттык издейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мунаргүл Арзыбай кызы аттуу Бишкек шаарынын тургуну kaktus.kg редакциясына кайрылып, наристеси дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болуп калганын айтып берди.

Мунаргүл эки баланын апасы. Чарчап калган наристеси үчүнчү кызы болгон.

Өзүнүн жүрөгү ооруйт. Үчүнчү кызы боюнда болгондо дарыгерлердин көзөмөлүндө кесарева жолу менен төрөгөн.

"Наристемдин ден-соолугу жакшы эле төрөлгөн. Бир айга чейин салмагы дагы жакшы болчу. Бир ай болгондон кийин поликлиника барганыбызда: профилактика үчүн баланын башын жана жүрөгүн текшерүүдөн өткөрүп кел дешкен. Мен жеке менчик жайдан текшерттим. Мунун бары балага эки ай болгондо эмдөөдөн өтүшү үчүн керек болчу", - дейт ал.

Наристенин жүрөгүнүн ритминин бузулушу аныкталган

Бул текшерүүнүн жыйынтыгын алып, Мунаргүл айым Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Кардиоревматология бөлүмүнө барган.

"Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Кардиоревматология бөлүмү Саламаттык сактоо министрлигинин жанындагы имартта экен. Ал жакка барганда бизди Гадеева Г.Р аттуу кардиоревматолог кабыл алды. Поликлиникадан дагы ЭКГ тартканда баламдын жүрөгүнүн ритминин бузулушу бар экен деп айтышты.

Ошол эле күнү күнүмдүк жүрөк мониторинг (холтер) тагуу керек дешти

Бир сутка балама холтерди таккандан кийин жүрөгүндө көйгөй бар экени тастыкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгын алып башка дагы ритмологдорго көргөзсөк, кызды ооруканага жаткырыш керек, бир жашка чейин жакшы болуп кетет деп айтышты", - деди наристенин апасы.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Кардиоревматология бөлүмүндөгү Гадеева аттуу кардиоревматологго текшерүүнүн жыйынтыгын көргөзгөндө ал наристе ооруканага жаткырылышы керек деген. Ошол эле күнү ал бейтапка "анаприлин" деген дары жазып берген. Аны наристе үч күн ичкен.

"6-май күнү нөөмөттөгү дарыгер келип, баламды карап, "жүрөгүнүн согушу начар болуп жатат, түшкү дарысын бербегиле, күнүнө үч жолу көп болуп, брадикардия болуп жатат" деди. Андан соң кайра күнүмдүк манитор балага тактырды. Анын жыйынтыгы 10-майда чыкмак. Буга байланыштуу жөн эле акча төлөгөн палатада жатканча, үйүңөргө бара бергиле, 10-майда келгиле деди биздин дарыгер. 10-майда келгенде дарыгер маниторингдин жыйынтыгын көрдү.

Бул дарынын таасири жок, башка дары ичесиңер деди

Кызымды таразага тартканда кийимдери, одеялдар менен 5 кг 500 грамм болду. Мен 5 кг деп эсептегиле дедим. Ал "пропанорм" дарысын жазып, бирок, дары биздин ооруканада жок, башка жерден алгыла деп, телеграммдан өзү дарыны тапты, бирок, ал бизге рецепт жазып берген жок. биз ал айлкан жерден эле алып кеттик", -деди Мунаргүл Арзыбай кызы.

Дарыгер рецепт жазбай эле, ошол дарыны экиге бөлүп бергиле деген

Баланын апасы дарыгер айткандай дарыны берип, кел деген учурда ооруканага барган. Дарыгер баланын жүрөгүн угуп, ЭКГнын жыйынтыгын көрүп, бары жакшы деп, эртеси келгиле деп айтканын билдирди.

"Дарыгер айткандай эки маал дарыны кызыма бердим. Түнү начар уктады. Эртең мененки дарысын бергенде кызым башкача боло баштады. Ага чейин ыйлап аткан. Дарыны бергенден кийин үнү араң чыгып, көзү жумулду. Мен кызым түнү начар уктады эле, уйкусу келди го деп жаман ойлогон жокмун.

Ооруканага барсам дарыгерлер тамактанып атат деп, күттүрүп коюшту

"Дарыгерди күтүп жаткан учурда кызымдын бети муздап баштады. Биз медайымдарга бир канча жолу дарыгерлерди чакырттык. Келишкен жок. Түшкү тамактануу учуру боло элек болчу. Дарыгерибиз бир топтон кийин чыкты. Баланын үнү өзгөрүп жатканын көрүп, тез ЭКГ тарткыла, брадикардия болуп жатат деди. Бала сүт эме да албай калган. Ошону менен жандандыруучу бөлүмгө алып кетишти. Ал жактан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна алып бардык. Ал жактагы хирург баланын жүрөгү өзү сокпой жатат, ЭКС коюш керек деди. Ал жүрөктү соктурган электрод экен. Хирург жүрөгү импульс бербей жатат деди. Анан балага кан керек дешти. Мен кан бердим. Көрсө ЭКСны балага койгондо кызым 40 пайыздан канын жоготуптур. Ага чейин гемоглобини 105 болчу, кийин 68 болуп калыптыр. Ошону менен ооруканада 4 күн жаттык. Төртүнчү күнү кызымдын чарчап калганын айтышты. Кызым өлбөй турган оорудан чарчап калды. Бир жыл дары менен эле айыктырса болот эле.

Көрсө кызыма ашыкча доза дары берилиптир

Дарыгер жарымын бер дегени үчүн жарымын бергем, көрсө төрттөн бир бөлүгүн беришим керек болчу экен", - деп наристенин апасы Саламаттык сактоо министрине азыр жазып, тиешелүү дарыгерлерди жумуштан алууну суранган.

Министрлик комиссия түзүп, анда дарыгерлерге сөгүш жарыяланган. Бирок Мунаргүл ага макул эмес. Ал дарыгерлердин шалаакылыгы үчүн башка дагы наристелер жапа чегиши мүмкүн деп, комиссиянын корутундусу менен келишкиси келбейт.

Оорукананын тиешелүү өкүлдөрү комментарий берүүнү убадалашты.kaktus.kg редакциясы экинчи тарапты угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12883