Тенгиз Бөлтүрүктүн баласы кармалды
RU

Тенгиз Бөлтүрүктүн баласы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн баласы Теңгиз уулу Алмаз кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 10-июнда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысына шектелип 1988-жылы туулган Т.А.(Теңиз уулу Алмаз) кармалганын маалымдаган.

Тергөө органдары Т.А.ны жетекчи болуп иштеп жүрүп ишканадан 274 миң 325 сомдук продукция алып, бирок сатуудан кийин кассага акчасын бербей, изин жашырып кеткен деп айыптоодо.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган Т.А., 2023-жылдын 10-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12887