Блогер Зеленский менен Жапаровду салыштырып, кыргыз сценарийинен этият болууга чакырды
RU

Блогер Зеленский менен Жапаровду салыштырып, кыргыз сценарийинен этият болууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу украиналык саясатчы жана видеоблогер Анатолий Шарий Кыргызстан менен Украинадагы саясий кырдаалды салыштырып, алар бирдей сценарий менен өнүгүп жатат, деген бүтүмгө келди.

Анын пикири боюнча украиналыктар Кыргызстандагы конституциялык реформаларга көз салып турууга тийиш, анткени аналогиялар бар.

"Жээнбековдун ордуна келген Садыр Жапаров бийликти толугу менен өз колуна чогултууну чечкен, бирок ал үчүн күчтүү жетекчи керек. Учурда Владимир Зеленский да украиналыктарга ушул ойду таңуулап жатат. Ал жаңы референдумду демилге көтөрүп чыгып, анда өзүнө укмуштуудай ыйгарым укуктарды алууну көздөп, диктатордукка умтулууда десе деле болчудай", - дейт Шарий.

Блогер Кыргызстандын жаңы Конституциясын изилдеп чыгып, преамбула катары укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгү - сыяктуу демократиялык түшүнүктөр эмес, салт-санаа, ата-бабалардын тажрыйбасы, моралдык баалуулуктар көрсөтүлгөнүн байкаган.

"Бул нерсени жаман деп айтууга болбойт дечи, болгону ушундай элес-булас түшүнуктөргө жана моралдык баалуулуктарга жамынып алып, аморалдык иштерди жасашат.

Кыргыз парламентин 120дан 90 депутатка чейин кыскартуу сунушталыптыр. Буга украиналыктар да абдан сүйүнүшмөк. Эгер Зеленский ушундай сунуш киргизсе, бардыгы: ооба, бул абдан сонун, деп айтышмак. Чынында, такыр сонун эместигин шайлоочуга кантип айтаарымды билбей турам", - дейт блогер.

Ал Конституциядагы Курултайга да көңүл буруп, анын Украинадагы аналогун тапты.

"Ермак (Зеленскийдин офисинин мурунку жетекчиси) негиздеген көптөгөн кеңешмелер эсиңердеби? Бардыгыбыз бирге отуруп алып, негизги кеңеш органыбыз кайсы экенин эстейличи - бул СНБО (Совет национальной безопасности и обороны Украины), ал өзү чыгарган чечимдерди чыгарууга акысы жок", - деди ал.

Жакынкы күндөрү Зеленский референдум тууралуу мыйзамга кол койду, Шарийдин пикири боюнча мындан ары Зеленскийди деле Жапаровго окшоп - хан, деп эсептей берсе болот.

"Бизге мунун эмне зарылчылыгы, кандай кереги бар? (Кыргызстандагы окуялардан кабардар болуп туруу) Бардыгыбыз билгендей, Зеленский жок нерсени бар деп атаганды жакшы өздөштүрүп алганы белгилүү. Маселен, күчкө салып, мыйзамсыз жеке менчикти тартып алууну - акыйкаттын орношу, деп атаган", - дейт Анатолий Шарий.

Блогердин пикири боюнча, Зеленский, "одоно президенттик демилгенин" негизинде гана жасала турган мыйзамды референдум аркылуу өткөрүүнү көздөп жатат. Бул украиналыктарды эркиндиктен жана демократиядан кур калтырат.

Анатолий Шарий - украиналык саясий ишмер, журналист, видеоблогер, бизнесмен. "Партия Шария" саясий партиясынын төрагасы, "Шарий.net" интернет басылмасынын негиздөөчүсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1288