Ташиев: Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү чек араны кайтарууга даяр болушу керек
RU

Ташиев: Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү чек араны кайтарууга даяр болушу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин чек араны коргоого даярдаш керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев Ички иштер министрлигинин кооптуу аймактарда жайгашкан бөлүмдөрү бар экенин белгиледи. Бул бөлүмдөрдү чек ара кызматы жана Коргоо министрлиги менен биргеликте окутуу зарыл. Өзгөчө кырдаал учурунда бул бөлүмдөрдүн кызматкерлери тиешелүү техника жана курал-жарак менен камсыз болушу керек.

"Чыр-чатактарда алар чек ара кызматы менен Коргоо министрлигинин кызматкерлерине окшоп кызмат өтөшөт, бирок тиешелүү курал-жарактары жок экенин көрүп жатабыз. Бул маселени Коргоо министрлиги жана чек ара кызматы менен биргеликте чечүү зарыл", - деп сунуштады Ташиев президентке.

Садыр Жапаров белгилегендей, аталган структуралар жаңы Аскердик доктринаны ишке ашырууда бул сын-пикирлерди эске алуусу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12895