Кыргызстан Казакстанга суу берип жатабы? Айыл чарба министри комментарий берди
RU

Кыргызстан Казакстанга суу берип жатабы? Айыл чарба министри комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"1985-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда Чүй облусунун суу ресурстарын биргелешип пайдалануу келишимине кол коюлган",- деп билдирди бүгүн, 14-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

Ал белгилегендей, Кыргызстан суунун 42%ын Казакстанга берүүгө, ал эми 58%ын өзүнө калтырууга милдеттенген.

"Аны аткарууга аракет кылышыбыз керек. Бирок биз биринчи кезекте өзүбүздүн кызыкчылыкты, кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгын сактап жатабыз", - деди ал.

Быйыл Казакстанга суу берилип жатабы деген суроого ал терс жооп берди.

Эскерте кетсек, жайдын башынан бери Бишкектин тургундарына суу жетпей, Чүй облусунун дыйкандары дагы эртерээк көйгөйгө кабылышкан. Айыл чарба министрлигине караштуу суу чарба кызматында бул суунун аз болушуна байланыштуу экенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12908