Кулчулукка сатылган кыз мекенине кайтарылды. Байкеси жардам бергендерге ыраазычылык айтат
RU

Кулчулукка сатылган кыз мекенине кайтарылды. Байкеси жардам бергендерге ыраазычылык айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media сайтына Бишкек шаарынын тургуну Талант Эркинбек уулу кайрылып, анын 29 жаштагы карындашы Россияга кулчулукка сатылып кеткенин билдирген.

Кызга жакшы айлык төлөнүүчү жумуш убада кылынган. Бирок ошол жерден паспортун алып, сабап, мажбурлап иштетип, акчасын төлөбөй коюшкан.

Карындашы Кыргызстандагы байкесине телефон чалып, анын качуусуна байкесинин достору жардам беришкен. Кыздын эч кандай документтери жок болгон. Аны Россияга жумуш убада кылып, жөнөткөн бишкектик аял жабырлануучу иш берүүчүлөрдөн 60 миң рубль уурдаган деп айыптап, коркута баштаган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, ошондой эле Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жардамы аркасында 29 жаштагы кыз мекенине кайтарылды. Бүгүн, 14-июнда саат 05:00дө "Манас" эл аралык аэропортуна учуп келди.

Талант Эркинбек уулу мындай кырдаалда жардам бергендердин баарына ыраазычылыгын билдирди. Ал өзгөчө КР ИИМнин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн, КР Россиядагы элчилигинин, ошондой эле КР ИИМнин ыкчам иш-аракеттерин белгиледи.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына бул факты Бишкек ШИИБдин ЖКККББга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

2023-жылдын 13-июнунда Э.Т.нын арызы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына аймактык өзгөчөлүгү боюнча кароого берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12910