Мэрия: "Арча-Бешик" жаңы конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет
RU

Мэрия: "Арча-Бешик" жаңы конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Арча-Бешик жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы "Бишкексууканал" ЖККсына шилтеме берүү менен билдирди.

Ичүүчү сууну берүү убактылары:

  • 15-июнь - саат 07:00дөн 11:00гө чейин - жаңы конуштун жогорку бөлүгүндө;
  • 16-июнь - саат 07:00дөн 11:00гө чейин - жаңы конуштун төмөнкү бөлүгүндө;
  • 17-июнь - саат 07:00дөн 11:00гө чейин - жаңы конуштун жогорку бөлүгүндө;
  • 18-июнь - саат 07:00дөн 11:00гө чейин - жаңы конуштун төмөнкү бөлүгүндө ж.б.

Ошондой эле таза суу суу ташуучулар аркылуу жеткирилип турат. Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, "Аэропорт" суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар.

"Учурда Министрлер кабинети жана Жогорку Кеңешинин деңгээлинде "Башкара-Суу" суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоо үчүн жер тилкесин берүү маселеси чечилүүдө. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын берет. Бул скважиналарды бир жылдын ичинде бургулап, пайдаланууга беруу пландаштырылган", - деп билдиришти мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12914