БШКнын алдында ачкачылык акциясын жарыялагандардын бирине тез жардам чакыртышты
RU

БШКнын алдында ачкачылык акциясын жарыялагандардын бирине тез жардам чакыртышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боршайкомдун алдында ачкачылык акциясын жарыялагандардын бирине тез жардам чакыртышты. Бул тууралуу Кыргызстандын коммунистер партиячсынын өкүлү Амантур Манапбаев өзүнүн Facebook аккаунтуна жазды.

Ал берген маалыматка ылайык, ден соолугунда көйгөйлөр бар болгондуктан медиктер ага ачкачылыгын улантууга тыюу салышкан. "Бирок, ал өзүнүн каршылык акциясын токтотуудан баш тартты", - деп Манапбаев жазды.

Эске салсак, 12-апрелден бери Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына чыгып каршылык акциясын уюштурушкан. Алардын пикири боюнча, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, бардык катышуучулар үчүн бирдей шарт түзүп, кайрадан шайлоо өткөрүү зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1291