Садыр Жапаров Си Цзиньпинди 70 жылдык маарекеси менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди 70 жылдык маарекеси менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мындай маалыматта президенттин басма сөз кызматы таратты.

Жапаров куттуктоосунда "Си Цзиньпиндин турмуштук тажрыйбасынын жана талыкпаган эмгегинин аркасында Кытай гүлдөп өнүгүү жолуна түшкөнүн" белгиледи.

Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан Сизди кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор күч-аракет жумшап жаткан ак ниет дос катары билет.

Президент кыргыз-кытай алакасын бекемдөө үчүн күч-аракет жумшоого даяр экенин кошумчалады. Ал Си Цзиньпинге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми кытай элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12924