Надира Нарматова "Медиахабдын" журналистин сотко берерин айтты
RU

Надира Нарматова "Медиахабдын" журналистин сотко берерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Медиахабтын" журналисти Асел Шамилованы сотко берет. Мындай билдирүүнү ал парламенттин 15-июндагы жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында журналист анын аброюна шек келтирген.

"Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен биргеликте мамлекетте тартип болсун деп бейөкмөт уюмдардын каржысын көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Бул чакырылышта дагы мен демилгечимин, жакында комитеттерде каралат, бардык процедуралар каралат. Мамлекетте тартип болуш керек, келип жаткан каражаттардын баарын тартипке салуу керек. Тилекке каршы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мени жамандап жатышат. Асел Шамилова журналистби же блогерби билбейм, ал Али Токтакуновдун YouTube каналы аркылуу мага жалаа жаап жатат. Ал менин үй-бүлөмө чейин, өлгөн уулума чейин, басып өткөн жолума чейин жалаа баап, менин саясаттагы ордума, жеке өзүмө шек келтирип, ютуб канал аркылуу бүткүл өлкөгө жамандап, күнөөлөп жатат. Мыйзам долбоору сөз эркиндигине эч кандай таасирин тийгизбейт. Кимдин акылы жетсе, 17-беренеде ачык эле жазылып турат", - деди Нарматова ачууланып.

Депутат ошондой эле блогерлерге, журналисттерге жана жалпы Кыргызстан элине кайрылуу жасады.

"Мен мамлекетте тартипти, көзөмөлдү жактайм. Эл кайдан, канча акча келип жатканын билиш керек, ачык көрсөтүшсүн. Ушуга байланыштуу гана бул мыйзамды демилгелеп жатам. Мени патриот депутаттар колдошот. Сөз эркиндигин эч ким тыйбайт, бейөкмөт уюмдарды эч ким жапкан жок. Аброюма шек келтирген Асел Шамилованы сотко берем. Эгер мен коррупционер болсом далилдеп берсин. 2010-жылдан бери 45 айылга трансформатор койдум, дайыма элге кызмат кылам. Мындай бейөкмөт уюмдар менин авторитетимди түшүрбөйт", - деди депутат.

Депутат айтып жаткан видео 14-июнда "Медиахабдын" Ютуб каналына чыккан.

Эке салсак, өткөн жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Алгач, аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Надира Нарматова жалгыз болсо, кийин 32 депутат соавтор болуп кошулган.

Бирок, 8-июндан тарта бир катар депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартып башташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12925