Надира Нарматова менен Эльвира Сурабалдиева парламентте кайым айтышты (видео)
RU

Надира Нарматова менен Эльвира Сурабалдиева парламентте кайым айтышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева менен Надира Нарматова кайым айтышты.

Сурабалдиева вице-спикерлер жыйын учурунда бардык депутаттарга бирдей шарт түзүп бербей жатканына нааразы болду.

"Мен процессуалдык маселелер боюнча чыксам, министрлер кабинетинен спикерлерге жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатасыңар деп бербей койдуңар. Бирок айрымдарга болот экен. Баарына бирдей мамиле кылгыла. "Ата-Журттун" депутаттарына өзгөчө мамиле кылып, башкаларга бөтөнчө мамиле кылбай", - деди Сурабалдиева.

Нарматова "Ата Журтка" тийишпей, бири-бирин сыйлоого чакырды: "Мен бири-бирибизди сыйлоого чакырат элем. Ар ким өзүнүн ишин мыйзам чегинде аткарып жатат. "Ата Журт Кыргызстан" да эч кимге тийишпей эле. Бизге өзгөчө мамиле керек эмес. Биз дагы 3,5 жыл чогуу иштешибиз керек", - деди Нарматова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12931