Кара-Суудагы жер көчкүдөн улам, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү
RU

Кара-Суудагы жер көчкүдөн улам, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районуна жер көчкүдөн улам беш турак үйгө коркунуч жаралган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 000м³ (жүз миң куб). Учурда аймактагы 5 турак үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү.

"Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутунду 9-июнь күнү чыгарып, жергиликтүү тургундарды көчүү сунушталган", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12932