23 жашка чейинки Азия чемпионатында Раззак Бейшеев менен Асан Жанышов алтын алышты
RU

23 жашка чейинки Азия чемпионатында Раззак Бейшеев менен Асан Жанышов алтын алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23 жашка чейинки балбандар арасында Раззак Бейшеев менен Асан Жанышов Азия чемпиону болушту. Мелдештер "Бишкек-Арена" спорттук оюн-зоок комплексинде өтүп жатат.

Белгилей кетсек, чемпионаттын биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгышкан. Алар жети салмак категориясында беттешип, анын алтоосунда кыргызстандыктар финалга чыгышкан.

Раззак Бейшеев менен Асан Жанышов өз салмак категорияларында чемпион болушту. Финалда утулуп калган Нурмухаммет Абдуллаев, Алихан Нурланбеков, Ырыскелди Максатбек уулу жана Нурманбет Раймалы уулу чемпиондуктун күмүш медаль тагынышты.

Бүгүн, 16-июнда грек-рим күрөшү боюнча балбандар калган үч салмак категориясында медалдар үчүн күч сынашат. Кыздар дагы беш номинация боюнча сыйлыктар үчүн ат салышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12936