Футбол: Кыргызстан Ташкентте үчүнчү орун үчүн беттеш өткөрөт
RU

Футбол: Кыргызстан Ташкентте үчүнчү орун үчүн беттеш өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Борбордук Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогу - CAFA Nations Cup 2023 мелдешинин тайпалык раундунда Иранга ири эсеп менен утулуп калды.

Кыргызстандын курама командасы коргонууну бекем кармап, ошондой эле беттештин 34-мүнөтүнө чейин маал-маалы менен чабуулга чыгып жатты. Биринчи эсепти "Портонун" чабуулчусу Мехди Тареми ачып, беш мүнөттөн кийин пенальтиден гол киргизип, эсепти 2:0 чыгарды.

Экинчи таймда Мирлан Мурзаев ирандыктардын дарбазасына гол киргизип, эсепти 1:2ге кыскартты.

Калган убакытта кыргызстандыктар дагы үч гол өткөрүп, беттештин жыйынтыгы 1:5 эсебинде Иран курамасынын пайдасына чечилди.

Ошентип, Иран курамасы CAFA Nations Cup турниринин финалына чыкса, Кыргызстан үчүнчү орун үчүн ойнойт. Оюндар Ташкентте өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12947