Дастан Бекешев: Жакында мыйзамсыздык жана хаос башталат
RU

Дастан Бекешев: Жакында мыйзамсыздык жана хаос башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев жаңы Конституцияны кабыл алуу кыргызстандыктардын жашоосуна мыйзамсыздык жана хаосту алып келет, деп билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазган.

"Конституция кабыл алынды, эл эми жыргал жашоо башталат, деген ойдо. Бирок, жакында мыйзамсыздык жана хаос башталат, десем маанайыңарды түшүрүп коем. Жакында жазалоо башталат. Президент Садыр Жапаров Конституцияны кабыл алууга үндөдү, силер аны колдодуңар. Мына эми 300гө чукул мыйзамды алмаштырып же өзгөртүү керек. А биздин өкмөт жеңил жолун тандады, гильотина принциби менен мыйзам чыгаруучу актылар күчүн жоготту, деп кабыл алуучу мыйзамды иштеп чыгып, бир катар мыйзамдарды жокко чыгарууну чечти. Бул мыйзам менен бардык мыйзамдарды, мыйзамга караштуу актыларды, президенттин жарлыктарын, жокко чыгарышат. Конституциялык мыйзамдар, кодекстер, эл аралык ратификация тууралуу макулдашуулар, бюджет тууралуу мыйзам, мунапыс тууралуу мыйзамдан тышкары, башка көпчүлүк мыйзамдар күчун жоготот", - деди депутат.

Анын айтымында, 2007-жылы эле Экономика министрлиги ишкерлик кылгандардын ишин көзөмөлдөөчү мыйзамдарды күчүн жоготуучу мыйзам долбоорду көтөрүп чыккан болчу.

"Ошол кезде мыйзамды гильотина, деп атап коюшкан. Мен Акылбек Жапаровго (2007-2009-жылдары КРдин экономикалык өнүгүү жана соода министри болуп турган кези - kaktus.kg'нин эскертүүсү) таңкы 5ке чейин досторум менен бирге презентация жасагам. Анда бардыгы түшүнүктүү болчу, бизнеске тоскоолдук жаратып жаткан малымкат, лицензия жана уруксат берүүлөрдү, актыларды алып салуу керек эле. Азыр кайра "гильотина" сөзүн эскеришти, аны менен бардык мыйзамдарды жана мыйзамга караштуу актыларды бир балталап чаап, жок кылганы жатышат", - деп депутат белгиледи.

Бир адам мыйзам чыгаруучу функцияны өз колуна топтоп басып алуу болуп жатат. Бул эмнеси? Мыйзам болбойт, аткаруу бийлигинин жетекчиси ысык пирожки кууругандай биринин артынан экинчиси кылып буйруктарды чыгара баштайт. Канча сот, баш аламан, талаш-тартыш башталганын элестетип жатам. Бул будуң-чаң бирөө жарымга керек болуп турат окшойт.

Мисал катары Бекешев керектөөчүлөрдүн укугун коргой турган мыйзамды келтирди. "Сизге мөөнөтү өтүп кеткен товар сатылса деле, эч ким ал үчун жооптуу болбойт, массалык ууланып өлүу болсо да эч ким жооптуу эмес. Мергенчилик боюнча мыйзамды алалы: эми бардык сейрек кездешүүчу жандыктарды кырып салса боло берет. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан коргоо мыйзамы: Үй-бүлөлүк зордук зомбулук ансыз деле күчүндө турган кези, мыйзамдын жок болушу менен мындан да көбөйөт. Бирок эч ким жоопко тартылбайт. Коррупция менен күрөшүү мыйзамы, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү мыйзамы. Бул мыйзамдар жок болсо коррупциянерлер менен опэгешниктерге биздин өлкөдө жыргал заман келет", - деди ал.

Көпчүлүк мыйзам ансыз деле иштебейт, деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул ылай сууда бийлик өзүно керектүүсүн кармайт. Албетте Конституцияны бардыгы колдогон жок, бирок колдоого алгандар кубанып жатышкан. Бирок, иш жүзүндо биз бир адамдын бийлигине, мыйзамсыздыкка жана гильотинага кептелдик. Бардыгыңарды куттуктайм.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1294