УКМК Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин токтотту
RU

УКМК Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө ага карата баш коргоо чарасы каралган.

Белгилей кетсек, Бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого Интернетте кеңири тараган Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон.

Бул иштеги чындыкты аныктоо максатында, Райымбек Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тийешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөн. Бирок, аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты.

Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер тапкан эмес, андан сырткары Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактыларын тастыктаган.

Буга байланыштуу, колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

Ошол эле учурда, Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 м2 квартирасын мамлекеттин бюджетине өткөрүп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1295