ИИМдин экс-полковниги мас абалда унаа башкарганы үчүн кармалды
RU

ИИМдин экс-полковниги мас абалда унаа башкарганы үчүн кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин экс-полковниги, "Вега" компаниясынын учурдагы башкы директору Арман Насипкулов мас абалда унаа башкарганы аныкталды. Маалыматты Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы Kaktus.kg`ге ырастап, буларды билдирди.

"Мас абалда унаа башкарган айдоочу тууралуу 102 кызматына жарандар тарабынан билдирүү түшкөн. Текшерүү учурунда айдоочу мас экендиги аныкталып, айып протоколу толтурулуп, унаасы айып короосуна токтотулду. Мас абалда транспорт айдаган айдоочу бир жылга айдоо укугунан ажыратылат", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилесек, жол эрежесин бузган жаран айдоочулук күбөлүгүнөн сот органдары тарабынан токтом чыккандан кийин ажыратылат. Соттун токтому "Унаа" мекемесине жөнөтүлүп, ал жактан айдоочулук укугунан ажыратылды деген тастыктама берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12967