Электр самокат айдагандарга мыйзам даярдалууда
RU

Электр самокат айдагандарга мыйзам даярдалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 19-июнда өткөн брифингде анын электр самокаттар менен жүрүүнү жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору өзүнө эмнелерди камтый турганын айтып берди.

Кайсыл жерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат?

"Биринчиден, жол кыймылы жөнүндө мыйзам бар, анда биз "электр самокат (чыгырык)" деген түшүнүктү киргизип жатабыз, алар кайда, кайсы жерлерде жүрүш керек дегенди билдирет, эгерде андай жерлер жок болсо, анда алар кандай учурларда жолго чыгышы керек. Жарыкты чагылдыргычтар болушу керек. Кошумча укук бузуулар жөнүндө мыйзам. Буга ылайык, биз алардын жоопкерчилигин карашыбыз керек. Бул эки мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатат. Сентябрга чейин мыйзам долбоорун кабыл алабыз деп ойлойм ",- деп түшүндүрдү ал.

Депутаттын айтымында, эл өкүлдөрү каникулга кетип жаткандыктан, алар ИИМ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башкалардын өкүлдөрүнөн "Азырынча электро самокаттарды ижарага берген фирмалардын ээлери менен иштешип, элге кабарлоону суранышты.

"Ошол эле жөө жүргүнчүнү өткөрүү маселеси. Жөө жүргүнчү ар дайым негизги болушу керек. Андыктан алар менен атаандашууга болбойт. Унаалар жөө жүргүчүлөргө жол бергендей эле, электросамокаттар да жөө жүргүнчүгө жол бериши керек. Биз мындай демилгелер тууралуу жазып, коомдук талкууга коюуну пландап жатабыз", - деди Маматалиев.

Эки киши бир электр самокат айдоого тыюу салуу планы барбы?

"Эгерде электр чыгырыктардын мүнөздөмөлөрүндө эки киши мине ала тургандыгын көрсөтүлсө, анда бир чыгырыкты эки киши айдаганга уруксат берилет. Кырсык болуп калса, анда бул эки эсе кооптуу, ошондуктан биз бул маселени да карап чыгабыз. Эгер транспорт алгач бир адамга арналган болсо, анда бир адам айдашы керек", - деп жооп берди Маматалиев.

"Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Жол кыймылынын катышуучулары арасында жөө жүргүнчүнүн укугу биринчи орунда турарын белгилеген депутат "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга чыгырыктын өзү жана аны кайсы жерде, кандай талаптардын негизинде тепсе болору тууралуу түшүнүктөр, ал эми "Укук бузуулар жөнүндө" мыйзамга жоопкерчилик боюнча нормалар кирип жатканын айтты.

Депутат мыйзам долбоорунун максаты чыгырык тепкендердин баарын чектөө эмес, уруксат берилбеген жерден жана эрежени сактабай айдагандарга балким 500-1000 сом өлчөмүндө айып пул салуу каралып жатканын, ал эми жол кырсыгына, бирөөнүн өлүмүнө себепкер болгондордун иши өзүнчө кылмыш жоопкерчилиги катары караларын кошумчалады.

Маматалиев чыгырыктын ылдамдыгын чектөө болбой турганын, себеби аны аныктоо мүмкүн эмес экенин, атайын каттоо күбөлүгү деле талап кылынбай турганын, бирок айдаган адамдын да, чыгырыкты ижарага берген тараптын да жоопкерчилиги караларын кошумчалады.

Ээси өзүбү же мобилдик тиркеме аркылуубу, чыгырыкты алып жаткан адамды кыскача инструкция менен сөзсүз тааныштырышы керек болот. "Окуп чыктым, макулмун" дегенде ага да, демек, экөөнө тең жоопкерчилик жүктөлүп калат.

Ал эми парктарда болсо велосипед үчүн ачылган атайын тилкеден гана жүрө алышат. Адамдар жөө жүргөн жакта жүрүүгө тыюу салынат. Көчөдөн да атайын тилкеде жүрө алышат, эгер андай тилке жок болсо, анда жолдун каалаган жеринен эмес, четинен гана жүрүшү зарыл. Түнкүсүн жарык берүүчү чырак же жарык чагылдыруучу атайын белги чапталган болушу керек", - деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы жол кыймылынын эрежелерине жаңы сунуштар иштелип чыкканын да айтты.

Маалым болгондой, чыгырыктарды көпүрөгө, туннел ичине, темир жол өткөөлүнө, жөө өтмөккө жана алардан беш метр аралыкта койгонго болбойт, аялдамаларга жана алардын айланасындагы 15 метрлик аралыкка да коюуга болбойт деп сунушталууда. Чыгырыкты атайын бөлүнгөн веложолдон, ал болбосо жолдун оң жак четинен айдоо, жөө жүргүнчү чыкса ал өтүп кеткенче токтоп туруу керек.

Спирт ичимдигин ичкен, маңзат колдонгон, кан басымы нормада эмес болгон абалда айдоого тыюу салынат. Түнкүсүн жарык берүүчү каражат колдонуп айдоо керек.

Электр чыгырыгын колдонуу жөнүндө мыйзам долбоору Бишкектеги самокаттар менен байланышкан кырсыктардан улам келип чыкты. Акыркы эки жылда чыгырык ижарага берген компаниялар да көбөйдү. Аны менен катар жөө жүргүнчүлөрдү же эки самокат бири-бирин сүзүп, колу-бутун кокустаткандар эле эмес, чыгырык менен унаага сүзүлүп жаш бала каза болгон учур катталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12972