Энергетика министринин орун басары жана "Кыргызкөмүрдүн" кызматкери кармалды
RU

Энергетика министринин орун басары жана "Кыргызкөмүрдүн" кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК энергетика министринин орун басары жана "Кыргызкөмүр" ишканасынын коммерциялык директору кармады. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, бул кызмат адамдары көмүр мафиясына тиешеси бар деп шектелүүдө.

"Бишкек ЖЭБине багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы "Кыргызкөмүр" муниципалдык ишканасынын, "Ысык-Көл кемечилиги" жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгон.

Тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында "Кара-Кече" кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жооптуу кызматкерлеринен турган "көмүр мафиясынын" мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна (кеминде 40 миллион сомдон ашык) көмүр уурдалганы аныкталды.

Анын кесепетинен борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн 18-июнда УКМК тарабынан Энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалашты УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12974