Карындашын коргойм деп киши өлтүрүп алган адамга карата сот өкүм чыгарды
RU

Карындашын коргойм деп киши өлтүрүп алган адамга карата сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Карындашын куткарып жатып киши өлтүрүп алган адамга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына юрист Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 19-июнда Чүй райондук сотунда өкүм чыкты. Алгач Ж.С.га КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык ниеттен адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сотто кошумча күбөлөр суралып, комиссиялык психологиялык экспертиза жүргүзүлдү.

Чүй райондук сотунун өкүмү менен Ж.С.нын аракети "Аффект абалында киши өлтүрүп алуу" беренесине кайра квалификацияланып, ал 3 жылга эркинен ажыратылып, жазасын түзөтүү колониясында өтөмөй болду.

Эске салсак, былтыр 1-июль күнү саат 07:45 чамасында Токмок шаарындагы аялдамадан 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу келин И.Р. айдап бара жаткан унаага түшүп, айдоочу жолду башка жакка буруп, ага ыдык көргөзө баштаган. Ал унаадан түшүп, агасына телефон чалып, окуя тууралуу билдиргенге үлгүргөн. Кыз жүргүнчүлөрүн түшүрүп жаткан башка унаага отурганда И.Р., унааны кууп жетип, жолун тосуп, кызды сабап, чачынан жулуп, унаадан чыгарууга аракет кылган. Ошол маалда келген кыздын агасы кол салган адамды газ-травматикалык тапанчадан атып салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12977