Кумтөр бөлгөн каражатты кымырганга шектелип Экология министрлигинин кызматкерлери кармалды
RU

Кумтөр бөлгөн каражатты кымырганга шектелип Экология министрлигинин кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору кармалды. УКМКнын маалыматы боюнча, буга чейин Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схема боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, "Кумтөр Голд Компани" тарабынан жаратылышты коргоо долбоорлоруна бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу, коррупциялык схеманы уюштургандыгы үчүн министрликтин кызмат адамдарына жана "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун жооптуу кызматкерлерине карата "Коррупция" беренеси менен иш козголгон.

15-июнда долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү К.Т.К. "Ак-Жол автодорожный" пункту аркылуу өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалды.

18-июнда анын милдеттерине долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу функциялары кирген эксперттик комиссиянын катчысы болгон И.Б.М. "Манас" эл аралык аэропортунан кармалды.

Аталган адамдар комиссиянын мүчөлөрү, акча каражаттарын бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду кызыкчылыгы болгон жерде киргизип турушкан. Натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнгөн жана эсептен чыгарылган.

Бүгүнкү күндө бул ишке башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, келтирилген зыянды тактоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12985