Бишкектеги суу маселеси. Депутат мэриянын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылды
RU

Бишкектеги суу маселеси. Депутат мэриянын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкек мэриясына кылмыш ишин козгоосо болот дейт. Мындай пикирин эл өкүлү Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Депутат белгилегендей, мэриядагы жетекчилер ичүүчү суунун деңгээли төмөндөп жатканы тууралуу эскертүү бериши керек эле.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кайсы шаарда таза суу маселеси жок? Бир да шаар жок. Бишкек эле болчу, азыр бул жакта да маселе бар. Урматтуу прокурорлор, Бишкек боюнча кылмыш ишин козгосоңор болот. Суунун деңгээли түшүп жатканы боюнча адистер эскертүү берген, бир күндө эле суунун көлөмү 20 метр кубга түшүп кетпейт да. Саясатчылардын уккандан көрө ошолорго иш козгогула. Шаар бир апта суусуз калып калды. Суунун деңгээли түшүп жатканын жок дегенде "дядя Вася" карап, текшерип турат да. Бул шалаакылык! Бул беренени колдонуш керек", - деди Масалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12989