Бишкекте айрым жолдорго эки күнгө чектөө киргизилет
RU

Бишкекте айрым жолдорго эки күнгө чектөө киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-июнда Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Буга байланыштуу Бишкек менен Чүйдө 23-июнга чейин жолдор маал-маалы менен жабылат дешет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Чектөө киргизиле турган жолдор:

  • "Манас" аэропортунан (Фучик көчөсү) Бишкек шаарына чейин;
  • Жибек Жолу кең көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
  • Жаш Гвардия бульварынын чыгыш тарабы Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Манас кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
  • Айланма жолдун Бишкектен Токмок шаарына чейинки аралыгы.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун чектөөлөрдүн киргизилишине түшүнүү менен мамиле кылууга, каттамды алдын ала пландаштырууга, унааларды жолдун жээгинде калтырбоого, каршы тилкеге ​​чыкпоого, жол тескөөчүлөрдүн талаптарын аткарууга, жолдо жүрүү эрежелерин так сактоого чакырат.

Белгилесек, бул күндөрү коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоого 2000 милиция кызматкери тартылат.

Башкы беттеги сүрөт: Табылды Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12995