Транспорт министрлигине 84 жаңы техника тапшырылды
RU

Транспорт министрлигине 84 жаңы техника тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жол тармагына 669 даана техника сатып алуу пландалган. Анын ичинен алгачкы 84 даана техника алып келинди. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жаңы техникаларды тапшыруу иш-чарасы 20-июнда болду.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев техникаларга аяр мамиле кылуу зарылдыгын айтты.

"Мындай техниканын ишке кириши биздин жолдорду, инфраструктураны жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ушул техниканы натыйжалуу колдонууну жана ага аяр мамиле жасоо аркылуу туура иштешин камсыз кылуу зарыл. Жол тармагынын динамикалуу өнүгүшүнө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашуун кражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт", - деди ал.

Алынган техникалар: заманбап автосамосвалдар, автогрейдерлер, автомиксерлер, суу ташуучу транспорттор, сүргүчтөр (тягачтар), битум ташуучу техникалар, бульдозерлер, погрузчиктер, экскаваторлор, тралдар, бензовоздор, асфальт төшөө жана башка.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13004