CAFA мелдеши: Башкы машыктыруучу оюндун жыйынтыгы капалантканын айтты
RU

CAFA мелдеши: Башкы машыктыруучу оюндун жыйынтыгы капалантканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-июнда Кыргызстандын улуттук курамасы Оман менен болгон беттеште 0:1 эсебинде утулуп, CAFA Nations Cup мелдешинде төртүнчү орунду ээледи. Оюндан кийин улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович комментарий берди.

Машыктыруучу алдыда мунун үстүндө иштей турганын айтат.

"Биз мындай жыйынтыкка капабыз. Албетте, биз бүгүнкү беттеште Иранга каршы мурунку кез келүүгө караганда мыкты оюнга жөндөмдүү экендигибизди далилдегибиз келген.

Оюн эки тараптан тең жакшы болду деп эсептейм, өзгөчө экинчи таймда биздин оюнчулар атаандашынын дарбазасына көптөгөн кооптуу учурларды жарата алышты, бирок кайра эле жыйынтыкка жетише албадык. Биз мунун үстүндө иштейбиз.

Биздин жигиттерде мүнөз бар экени кубандырат. Беттеште эки команда тең күчтүү жактарын көргөзө алды, бирок ийгилик атаандаштарга жылмайды. Күйөрмандардын көп болгону мени таң калтырды, алардын колдоосу угулуп турду!", - деди Таркович.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13006