Билим берүү министрлигинин версиясы боюнча Кыргызстандагы мыкты мектептер. Тизме
RU

Билим берүү министрлигинин версиясы боюнча Кыргызстандагы мыкты мектептер. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мыкты мектептердин ттизмесин жарыялады. Белгиленгендей, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча алдыңкы иш тажрыйба үлгүлөрү, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында мыкты мектептерди тандоо боюнча иш чара уюштурулуп келет.

Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо үчүн атайын көз карандысыз калыстар тобу түзүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Калыстар тобунун сунушу менен "Эң мыкты" деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланат.

Калыстар тобу мектептерди 13 критерий боюнча баалады:

  • инновациялар;
  • окуучулардын ийгиликтери;
  • долбоорлорго кошумча каражаттарды тартуу;
  • окуучулардын олимпиадаларга жана ЖРТга катышуусу;
  • жаш адистердин саны;
  • ийримдик иштер;
  • коомдук мамилелер;
  • семинарларды өткөрүү;
  • ата-энелер менен иштөө;
  • мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу;
  • ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү;
  • билим берүү программасынын максаттарына шайкештиги;
  • калыстар тобунун баалоосу үчүн мектептин презентациясынын сапаты.

Мыкты деп таанылган жалпы билим берүү уюмдарынын рейтинги:

  • Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеп, Тоң району - 123 балл;
  • №6 орто мектеп-гимназиясы, Кара-Балта - 118 балл;
  • №67 мектеп, Бишкек - 115 балл;
  • Абдыкайыр Казакбаев атындагы орто мектеп, Кемин району - 114 балл;
  • №4 гуманитардык-укуктук гимназия, Бишкек - 113 балл;
  • №4 орто мектеп, Москва району - 113 балл;
  • Академик Мамбет Мамакеев атындагы инновациялык орто мектеп-гимназия - 113 балл;
  • №52 мектеп-лицейи, Ош - 112 балл;
  • Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеп-гимназия - 112 балл;
  • Сосновка орто мектеби - 111 балл;
  • №2 Аламүдүн орто мектеби- 111 балл;
  • К.Жакыпов атындагы №61 мектеп, Кара-Суу району - 111 балл;
  • А.С.Макаренко атындагы №10 инновациялык орто мектеп-гимназия - 110 балл;
  • "Билим Ордо" мектеп-комплекси - 110 балл;
  • Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназия - 110 балл;
  • Сагынтай атындагы орто мектеп, Тоң району - 109 балл;
  • Николай Лященко атындагы орто мектеп, Бостери айылы - 108 балл;
  • №31 мектеп-гимназия, Бишкек - 108 балл;
  • Атай Огонбаев атындагы орто мектеп, Талас району - 108 балл;
  • Б.М.Юнусалиев атындагы орто мектеп - 107 балл;
  • Новониколаевка инновациялык орто мектеп-гимназия - 106 балл;
  • Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектеп, Ак-Талаа району - 106 балл;
  • Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеп, Жайыл району - 105 балл;
  • Муса Баетов атындагы орто мектеп, Ак-Талаа району - 105 балл;
  • Ибрагим Кулбаев атындагы №70 орто мектеп, Бишкек - 104 балл;
  • Д.П.Зубков атындагы №1 орто мектеп-гимназия, Кант - 102 балл.

Рейтингдин жыйынтыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби "Эң мыкты мектеп" наамына татыды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13007