Байсалов Министрлер кабинети 12 жылдык билим берүү системасынан баш тартпаганын айтты
RU

Байсалов Министрлер кабинети 12 жылдык билим берүү системасынан баш тартпаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүнү киргизүүнү талап кылат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык билимге байланыштуу мыйзамды абыл алууну парламенттин бир "эр" депутаты кечеңдеткен.

"Билимдин көлөмү көбөйүп кеткендиктен бүткүл дүйнө, Кытай, Казакстан, Япония, Сингапурдан баштап 12 жылдык окутууну колдонот. А биздикилер: "Жок, кыргыздар 12 жыл окубашы керек" дешет. Өлкө дээрлик бир жылды жоготту, мектеп реформасын бир жылдан бери күттүк.

Кеминде 200 миң мектеп окуучунун келечегине бут тосуп койдук: алар компьютер адиси, илимпоз боло алышмак. Суроо мына ушунда.

Жаштардын жаркын келечеги үчүн Министрлер кабинети 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнү талап кылып жатабыз. Бардык жерде, дүйнө жүзү боюнча 12 жылдык билим берүү системасы иштеп жатат. Эбак өтүшүбүз керек болчу", - деди Байсалов.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13012