Лукашенко ЖККУга Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүүнү сунуштады
RU

Лукашенко ЖККУга Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-июнда Минск шаарында өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын жыйынтыгында (анын ичинде Россия, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан) Афганистандагы кырдаалды талкуулап, башка дагы эл аралык көйгөйлөр талкууланды деп жазат "Ведомости".

Беларусь президенти Александр Лукашенко жыйын башталар алдында ЖККУну Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жана армян-азербайжан чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө пассивдүү болуп жатат деп сынга алды.

"Кыргызстан Тажикстан менен чек арадагы жаңжалды жөнгө салууга көптөн бери жардам сурап келет. Эгерде биз бул көйгөйлөрдү чечпесек, ар дайым бири-бирибизди жемелей беребиз <...> Эмне болбосун биз бул көйгөйдү чечүүбүз абзел", - деп жазылган Беларусь президентинин сайтында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13020