УТРК "Чекит Медианын" иликтөөсүндөгү маалыматтарды төгүндөдү
RU

УТРК "Чекит Медианын" иликтөөсүндөгү маалыматтарды төгүндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) "Чекит Медианын" "Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөөсү боюнча расмий билдирүү таратты.

Анда УТРК иликтөөдө айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт деп билдирди.

"Социалдык түйүндөр аркылуу фейк аккаунттар менен пикир жазгандар, тролдор иштейт дегенди расмий төгүндөйбүз", - деп жазылган.

Билдирүүдө 2022-жылы УТРКда "SMM жана Жаңы медиа" аталышындагы башкармалык түзүлүп, ошол башкармалык корпорациянын курамындагы алты телеканал, үч радиодон тышкары бир нече Ютуб каналдарынын жана социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларынын ишин алдыга жылдыруу менен иш алып барары жазылган.

"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөө "Чекит медиа" платформасынын Ютубдагы каналына 20-июнда жарыяланган. Анда журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматтар, бийликти мактоо менен бирге бейөкмөт уюм, көз карадысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктер тууралуу иликтөө жарыялаган.

Checkit Media платформасына учурда Factcheck.kg, "ПолитКлиника", T-Media.kg, "Апрель ТВ", Bulak.kg, Mediahub жана "Баштан Башта" редакциялары кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13027