Мадумаровго иш козгоого макулдук берилген маалыматты тараткан баракча фейк болуп чыкты
RU

Мадумаровго иш козгоого макулдук берилген маалыматты тараткан баракча фейк болуп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын аты жазылган баракчада депутаттык комиссия Адахан Мадумаров боюнча чечим чыгарганы кабарланган. Бирок фракциядан билдиришкендей, бул баракча аларга таандык эмес жана бул маалымат - чындыкка дал келбейт(фейк).

Комиссиянын иши аяктаганы тууралуу маалыматты депутаттар өздөрү журналисттерге төгүндөп жатышат.

"Азыр (саат 11:30 - болжол менен Kaktus.media) комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Бүгүн саат 13:30да Координациялык кеңештин жыйыны өтүп, анда акыркы чечим кабыл алынат", - дешти депутаттар.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке Курманкул Зулушевден Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу түшкөн. Депутатка карата кылмыш иши массалык баш аламандыкка даярдануу жана бийликти күч менен басып алуу боюнча шектелип жатат.

Мындан улам, парламент сунушту карап, анын чечимин депутаттардын талкуусуна коё турган комиссия түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13029