"Өзүңүз шкураңызды ойлоп жатасыз же отвечалосузбу?". Депутаттардын кезектеги кайым айтышы
RU

"Өзүңүз шкураңызды ойлоп жатасыз же отвечалосузбу?". Депутаттардын кезектеги кайым айтышы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жалпы жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР президентин, ЖК депутаттарын шайлоо жана КР министрлер кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциялык мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн жок.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Жеңишбек Токторбаев баяндама жасап, долбоор жемкорлук менен күрөшүүгө жардам берээрин айтты.

"Азыркы мыйзамда коррупция менен кармалып, соттолуп чыгып, убакыт өткөндөн кийин акталып мамлекеттик кызматка келе алат. Ал эми жаңы өзгөртүүлөр буга жол бербейт. Акталса деле мамлекеттик кымзатка келе албайт", - деди ал.

Андан соң Элмурза Сатыбалдиев аталган документке кесиптештерин каршы добуш берүүгө чакырды.

"Мыйзамды окусаң жакшы. Бирок Баш мыйзамга бул каршы келет. Урматтуу кесиптештер, депутаттар Конституцияны жакшылап карап, окуп койгула. Себеби, бир кылмыш үчүн адам баласы эки жолу жазаланбайт. Себеби акталган адам өзүн - ак деп санайт. Ошонуктан бул мыйзамды окуп, ага каршы добуш берүүгө үгүттөйм.

Депутаттар түшүнүштү го десем, түшүнбөпсүздөр.

Бул мыйзамдын мааниси боюнча: адам өлтүргөндөр, террористтер, мекенин сатып кеткендер бардыгы депутат, президент боло алат. Мыйзамды окугула. Бул Баш мыйзамга каршы. Каршы добуш бергиле", - деди эл өкүлү

Бул пикирге Жеңишбек Токторбаев мыйзам долбооруна каршы же макул добуш берүү ар кимдин өз эрки деп жооп берди.

"Урматтуу коллегалар, ар кимди өз эрки. Мен силерден суранбайм. Эч кандай маселе жок. Мыйзам долбоору бир ай талкууда илинип турду. Эч кандай терс өңүттөгү сунуштар болгон жок.

Элмурза Ракиевич, өзүнүн шкурасын (ред. kaktus.kg: өзүн) ойлоп жатса керек. Эч кандай маселе жок. Добушка коёлу. Өтсө - өттү. Өтпөсө эч кандай маселе жок.

"Каршы добуш бергиле" деп айтканга Элмурза Ракиевич, сиздин эч кандай укугуңуз жок.

Сиз өзүңүзгө жооп бербейсизби? Өзүңүз соттолсоңуз, өзүңүз коррупцияга шектелсеңиз, а эмне үчүн бул жакка келип, депутаттарды мыйзам долбооруна каршы үгүттөп жатасыз? Кереги жок. Сиз өзүңүзгө жооп бериңиз. Сиз эмне бардык депутаттардын ордуна жооп бересизби же сиз "отвечалосузбу"?", - деп ачууланды Токторбаев.

Сөзгө эл өкүлү Исхак Масалиев аралашып, кесиптештерин тынчтыкка, сабырдуулукка чакырып, жаңы мыйзам долбоорунда чын эле мүчүлүштүктөр бар экенин айтып, биринчи окуудан өтсө, экинчи окууда айрым беренелерге өзгөртүү киргизүү керектигин кошумчалады. Бул ойго көпчүлүк депутаттар да кошулду.

Бирок депутат Максат Сарбагышев сот системасына, укук коргоо органдарынын айрымдарына ишеним жок экенин айтып, кээ бир учурда жалган-жалаа менен иш козгоп коюп жаткандарын айтты.

"Бул жерде мен ар бириңиздердин оюңуздарды сыйлайм. Бирок тыйындын эки тарабы бар. Себеби, бүгүнкү күндө жеке мен сот системасы, укук коргоо органдарынын айрым кызматтарына ишенбейм. Анын себеби: айрым учурда кандайдыр бир жалган-жалаа менен "мени менен жакшы учурашпай койдуң, келип, кеткен жоксуң" деп иш козгоп жатышат. Бул мыйзам долбоору таза кишилердин актанганына мүмкүнчүлүк бербей койбойбу деп кооптоном", - деди ал.

Буга мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Токторбаев макул болуп, "мындай болушу да мүмкүн" деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13030