Садыр Жапаров Германиянын президенти менен жолугуп, өтүнүч келтирди
RU

Садыр Жапаров Германиянын президенти менен жолугуп, өтүнүч келтирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, өлкө лидерлери кыргыз-герман эки жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин, ошондой эле бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Башкы темалардын бири Кыргызстан менен Европа бирлигинин өнөктөштүгу тууралуу болду. Садыр Жапаров белгилегендей, учурда кыргыз тарап Европа Бирлиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу боюнча 2019-жылдан бери иштеп жатат. Кыргызстан документке кол коюуга даяр жана ЕБден даярдык тууралуу сигналды күтүүдө.

"Акыркы маалыматтар боюнча, документ ушул жылдын аягына чейин даяр болот. Биздин оюбузча, процесс бир аз созулуп кетти. Биз бул процессти тездетүүдө ЕБге мүчө-мамлекет катары Германиядан жардам сурап, аны андан ары ратификациялоону өтүнөбүз", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13031