Кыргызстанда шариятка ылайык банк карталары чыгарылат
RU

Кыргызстанда шариятка ылайык банк карталары чыгарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда ислам принциптерине ылайык иштеген банктарга дебеттик жана кредиттик карталарды чыгарууга уруксат берилди. Тиешелүү токтомду Кыргызстандын Улуттук банкы кабыл алды.

Документке ылайык, талап кылынган сумма өз убагында төлөнбөгөн учурда банктар үстөк пайыздарды кошпойт. Ошондой эле банк кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы боюнча пайыздарды алууга укугу жок. Ислам принциптери боюнча чыгарылган карталарда эч кандай киреше чегерилиши же кредит боюнча өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн туум жана айыптар каралбайт.

Кардар ислам төлөм картасын шарият стандарттары тыюу салган максаттарда колдоно албайт. Бул шарт бузулган учурда банк аны бөгөттөп коюшу мүмкүн.

Улуттук банк карта ээлери шарият нормаларында тыюу салынбаган жеңилдиктерди, мисалы, мейманканаларда, авиакомпанияларда, ресторанда орун ээлөөдө, арзандатууларды алууга укуктуу экенин көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда шарият стандарттарына туура келбеген артыкчылыктарга тыюу салынат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: depositphotos.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13032