Бишкектин тургуну таанышы зордуктоого аракет кылганын айтты. Окуя видеого түшүп калган
RU

Бишкектин тургуну таанышы зордуктоого аракет кылганын айтты. Окуя видеого түшүп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке унаанын ичинде зордуктоого аракет кылган видео тарады. Андан машинанын арткы эшигинен кыздын кулаганын, артынан чыккан эркек шымын шымдап жатканын көрүүгө болот.

Свердлов РИИБинен Kaktus.kg сайтына видео тууралуу буларды билдирди.

15-июнда Бишкек шаарынын тургуну Э.А. милицияга кайрылып, Б. аттуу таанышына чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучу 15-июнга караган түнү таанышы унаанын ичинен анын эркине каршы жыныстык катнашка барууга аракет жасаганын, окуя Ибраимов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун айткан.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки тергөө башталган. Учурда бул иш боюнча териштирүү жүрүүдө, экспертизалар дайындалган дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13036