Провокатор-аял милиция менен доспу? Үч акциядан сүрөт
RU

Провокатор-аял милиция менен доспу? Үч акциядан сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир эле аял эки каршылык акцияны үзгүлтүккө учуратуу аракетин көргөн. Митингге келгендер Айзада Канатбекова уурдалып жана өлтүрүлгөндөн кийин ИИМ министрин отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

8-апрелде ал Өкмөт үйүнүн алдына келип, "Бул жака салтка каршы чыккан ЛГБТлар чогулуп алды", - деп мегафонго кыйкыра баштаган.

Митингдин катышуучулары аларга "Провокаторлор жоголгула!", деп кыйкырып, "Силер ар бир митингге келип, чагымчылыдык жасайсыңар. Бир сом үчүн жаныңарды сатканга даярсынар", - деп жооп кайтарышкан.

Бүгүн, 15-апрелде, ошол эле аял, ИИМдин алдында өтүп жаткан митингде кайрадан чагымчылдык жасады.

Ага чейин, эки саат мурун ушул эле аял Пригородный айылында, айыл өкмөтүн басып алган жерде жүргөн болчу. Милиционерлер аны курчоонун ичине киргизип, ал укук коргоочу органдардын өкүлдөрү менен көптөн бери тааныган адамдай, ээн-эркин сүйлөшүп жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1303