Бишкектеги №6 төрөт үйү августка чейин жабылды
RU

Бишкектеги №6 төрөт үйү августка чейин жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Жаңы Перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарыл. Буга байланыштуу төрөт үйү 6-августка чейин жабылат.

Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү Бишкек шаарындагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууну камсыздайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13049